“Азиз Батукаев боюнча парламенттин токтомун аткарыш үчүн бир катар министрлерди кызматтан бошоттук”,- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында.
Жыйында Жогорку Кеңештин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу боюнча өкмөт маалымат берүүдө.
Өкмөт башчынын айтымында, Жогорку Кеңештин Азиз Батукаев боюнча чыгарган токтому толук аткарылды.
“Азиз Батукаевдин боштондукка чыгуусуна байланыштуу парламенттин токтому толук аткарылды. Токтомдо көрсөтүлгөн министрлер кызматынан алынды. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кечээ кызматтан кетти”,- деди Оторбаев.