“Хиджабга каршы чыккандарга жаназа окубайлы”,- деп билдирди депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште. Анын айтымында, светтик экстремизм күчөп, хиджаб кийгендерге каршы чыккандар көбөйүп кетти. “Сакалдарын алыш керек, аялдар хиджабдарын чечиши керек” деп ислам динине каршы чыккандар күчөп кетишти. Хиджаб кийген кыздарды мектепке киргизбей жатышат. Чын дилинен ислам дининдемин дегендер каршы чыкпайт, каршы чыккандарга жаназа намазын окубай коёлу”,- дейт эл өкүлү.