Темирбек Бекмамат уулу: "Бакиевдерди берүүдөн Беларусь менен Улуу Британия баш тартты"

2010-жылкы Апрель окуясына күнөөлүү делген Бакиевдерди Кыргызстанга кайтарып берүүдөн Улуу Британия менен Беларусь баш тартты. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу эске салды. Ага депутаттар тарабынан "Апрель окуясына күнөөлүүлөрдү эмне үчүн алып келе албай жатасыңар?" деген суроо берилген эле. "Аталган өлкөлөрдүн позициясы бизге буга чейин эле маалым болгон да, биздин сунуштан баш тартып коюшту. Ал эми Кадыржан Батыровдун кайсы өлкөдө экени боюнча бизде так маалымат жок",- деп билдирди Бекмамат уулу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан