Жоомарт Оторбаев Баткенде Козу-Баглан дайрасы аркылуу өткөн көпүрөнүн ачылышына катышты
26-сентябрда Баткен облусуна иш сапары менен барган премьер-министр Жоомарт Оторбаев Козу-Баглан дайрасы аркылуу өткөн көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Курулуш иштери 22 миллион сомго бааланган 30 метрлик көпүрө Кайрагач жана Эски-Оочу айылдарын бириктирмекчи. Оторбаев белгилегендей, өкмөт мындан ары дагы чектеш райондордун, анын ичинде жалпы Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүсүн улантат. "Аймак жашоочуларына, өзгөчө, чектеш райондордо жашаган тургундардын туруктуулугу жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Татаал жашоо шартына карабастан, жергиликтүү калктын көпчүлүгү туулуп-өскөн жерин таштап кеткен жок. Эми мамлекеттин милдети облусту өнүктүрүүдө, жаштар кетпестен, өз жеринде иштеп калуусу үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүүдө турат",- деп билдирди премьер-министр.