Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын бутуна операция жасалганы айтылууда

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын жаракатынан улам эки бутуна операция жасатып, учурда ооруканада. 30-сентябрда чет элдик маалымат булактары жарыялашкандай, Түндүк Корея лидери июнь айында эле оң бутунун кызыл ашыгынан жаракат алып, аны атайын дарылабагандын жыйынтыгы эки бутуна тең операция жасатууга алып келген. Ким Чен Ын учурда клиникалардын биринде дарылануу курсун өткөрүп жатат, күчөтүлгөн режимде кайтарууга алынганы айтылууда. Айта кетсек, жакында ММКлар аталган президенттин 3 аптадан бери коомчулукка чыга электигин, Түндүк Кореянын Жогорку элдик жыйынынын кезектеги сессиясына катышпаганын жарыялашкан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан