Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын сентябрына чейин жасаган иштери боюнча маалымат берди.
"Урматтуу депутаттар! Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына Кыргызстанда башкаруунун парламенттик-президенттик формасын түзүү, бекемдөө жана өнүктүрүү тарыхый миссиясы жүктөлдү. Баарыңар билесиңер, биз өз ишмердүүлүгүбүздү катаал саясий-экономикалык кырдаалда баштадык. Биздин системдин бутка туруп кетишине баары эле ишене берген эмес. Биз силер менен татаал жолду басып өттүк. Бүгүн Жогорку Кеңеш турмуш сынагынан татыктуу өттү деп айта алабыз" деп башталган билдирүүдө парламенттин бир жыл ичиндеги иштери кенен баяндалат. Төраганын отчётунун толук версиясын ананыраак жарыялайбыз.