“Мамлекеттин эсебинен билим алган медициналык окуу жайлардын студенттери региондорго барып эки жыл иштебей жатышса, окуу жайдагы бюджеттик орундарды жоюп салыш керек”,- деди депутат Дамира Ниязалиева. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында “Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.
“Мамлекет ар бир студентке 7 жыл окутууга 500 миң сом коротуп жатат. Ал окуу жайды бүткөндөн кийин эки жыл аймактарга барып милдеттүү түрдө иштөөсү керек. Айылдарда медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жатканда медициналык окуу жайды бүткөндөр андан баш тартып, Орусияга же башка жеке клиникаларга иштеп кетип жатышат. Анда эмне кереги бар акысыз окутуп? Жоюп салыш керек”,- деди Ниязалиева.
Депутат Алтынбек Сулайманов өкмөттүн акысыз билим алгандарды айылдарга иштетүү максаты ишке ашпай турганын айтты. “Өкмөт эки жылга айылдарга жиберебиз дегени менен, шарт болуш керек. 3 миң сом айлык алып иштебейт. Жер тилкесин же үй бериш керек болот. Ага айыл өкмөттүн же акимдин акчасы жетпейт”, - дейт ал.
Эльвира Сариева: “Айылдагы үйлөрдү ижарага алып берүүгө болот”,- деген жообун айтты.