Бишкек шаарында күйүүчү майлардын баасы өткөн аптага салыштырмалуу өзгөрүүсүз бойдон калууда. 1-октябрга карата борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 47 сом 80 тыйын, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 51 сом 20 тыйын, АИ-80дин баасы 39 сом 90 тыйын болууда. Дизель майынын 1 литри 43 сом 80 тыйындан сатылып жатат.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин айтымында, октябрь айында Кыргызстанда бензиндин баасы арзандашы күтүлөт.