2-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында 2014-жылдын 11-июлундагы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйында катчы шайланып, комиссиянын ишинин регламенти бекитилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы эскерткендей, 2014-жылдын 11-июлунда Конституциялык палата ачык соттук жыйында Убактылуу өкмөттүн декреттеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти караган. Тактап айтканда, Убактылуу өкмөттүн жер тилкелерин жана объектилерди улутташтыруу тууралуу айрым декреттери компания жана жарандардын кайрылууларынын негизинде каралууда.
Конституциялык палата өкмөткө Убактылуу өкмөттүн декреттери боюнча белгилүү мөөнөттө талаш мамилени чечүүнү камсыздаган укуктук механизмдерди түзүүнү жана мыйзамдуу менчик ээлеринин мүлктүк укугун калыбына кетирүү мүмкүндүгүн кароону сунуштаган. Натыйжада өкмөттүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы буйругу аркылуу комиссия түзүлүп, анын курамы бекитилген болчу.