Парламенттеги “Ата Журт” жана “Республика” фракциялары биригүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, учурда эки фракция ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. “Учурда биригүү боюнча макулдашып жатабыз. Биринчи максат - түндүк-түштүк маселесине чек коюу. Экинчиси - келерки парламенттик шайлоого биргеликте баруу. Бирок азыр эч кандай макулдашуу документтерин карай элекпиз”,- деди Сабиров.