Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Владимир Путиндин түздөн-түз катышуусу менен кыргыз-орус мамилелери стратегиялык кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүлгөнү белгиленет. "Биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сиздин жеке салымыңызды, республикабыздын евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышууга умтулуусун колдогонуңузду Кыргызстандын эли жогору баалайт",- деп айтылат куттуктоодо. Куттуктоодо азыркы Орусия, анын өнүгүүсү жана эл аралык кадыр-баркы Владимир Путиндин ысымы менен тыгыз байланышкандыгы да белгиленет.
Алмазбек Атамбаев Орусия лидерине бакыт, ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы жетишкендиктерди каалады.
Айта кетсек, В.Путин бүгүн, 7-октябрда 62 жашка толду.