Эльвира Сариева "окуучулардын хиджаб кийишине тыюу салуу же уруксат берүү маселеси чечиле элек" деди

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 7-октябрдагы жыйынында депутаттар хиджаб маселесин кайрадан көтөрүштү. Депутат Абдыжапар Бекматов мектеп курагындагы балдардын укуктарынын корголбой жатканын айтат. "Хиджаб боюнча бир канча жылдан бери маселе көтөрүлүп жатат. Бирок биз ошол мектеп окуучуларынын укугун коргой албай жатабыз",- деген депутат вице-премьер Эльвира Сариевадан бул багытта кандай иштер жасалып жатканын сурады.

Сариева: "Бул оор маселе болгондуктан, азырынча жооп жок. Бирок кийиши керекпи же кийбеши керекпи деп биз да аракет кылып жатабыз",- деп жооп берди.

Мындан кийин Бекматов "оор маселе деп калтырып койгонго болбойт" деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан