Волейбол боюнча айымдар арасындагы эл аралык мелдеште кыргызстандык "Салам-Алик" командасы 2-орунду ээледи. Мелдештин 2-этабы Кыргызстанда март айында өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев билдирди. Айта кетсек, 23-27-январда аталган мелдеш Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болуп өттү. Мелдештин финалдык беттешинде казакстандык "Спартак АМТ" командасы менен кыргызстандык "Салам-Алик" командасы беттешип, 3:1 эсебинде казакстандык команда жеңишти илип кетти. 3-орунга кыргызстандык “Намыс” командасы татыктуу болду.