Депутат Курмантай Абдиев: “Көп жылдык тажрыйбам, наамдарым бар үчүн 44 миң сом айлык алам”

“Кыргызстанда бир дагы депутат 47 миң сом айлык албайт” дейт ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев. "Мен мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбам, класстык чин, юстициянын генерал-майору деген наамым бар үчүн 44 миң сом айлык алам. Менин жанымда отурган депутат 18 миң сом алат. Мен билем, бизде 47 миң сом маяна алган депутат жок" деди Абдиев. Айта кетсек, бүгүн парламентте “Жогорку Кеңештин эффективдүүлүккө багытталган бюджети: өнүгүүнүн жаңы форматы” аталышындагы парламенттик угуу болду. Анда Жогорку Кеңештин чыгымдары, аларды кыскартууга сунуш-пикирлер айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан