Жалал-Абад. Депутаттардын аздыгынан Жалал-Абад шаарынын мэри шайланбай калды

Бүгүн, 28-январда Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды. Буга жыйынга шаардык кеңештеги депутаттардын толук келбегени себеп болду. Анткени жыйынга "Өнүгүү" партиясынан 15 жана "Ата Журт" партиясынан 1 депутат гана катышты. "Өнүгүү" партиясынын депутаты Нурбек Исмаиловдун айтымында, бул партия мэрлик кызматка шаардын мурдагы мэри Бакыт Адыловду сунуштаган. Ал эми "Ата Журт" менен КСДП партиялары биргеликте "Ак ниет" аттуу коалиция түзүп, мэрлик орунга КСДПнын өкүлү Муктар Арапбаевди көрсөтүшкөн. "Тилекке каршы, бүгүнкү сессия болбой калды. Депутаттар толугу менен келишсе, шаардын мэрин шайлоодон тышкары шаарды өнүктүрүү планы жана регламенти каралмак" дейт Исмаилов. Айта кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинде 31 депутат бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан