Бүгүн, 28-январда президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам улуттук мыйзамдарды чет элдик укуктун ченемдери жана эл аралык келишимдердин жоболору менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Кол коюлган мыйзам төмөнкүлөрдү бекитет:
- - эгерде ойлоп табуу ушул тармактагы адис үчүн техниканын деңгээлинен чыкканы ачык көрүнүп турбаса, ал ойлоп табуучулук деңгээлге ээ болот
- - патенттин күрөө укугу киргизилет
- - патент ээси болуп саналбаган өнөр жай менчигинин мекемесинин авторуна анын каалоосу боюнча "Кыргызпатент" тарабынан автордук күбөлүк берилет
- - патентти калыбына келтирүү укугу ошондой эле кийин пайдалануу укугу каралат.