Талас. Облустагы мектептерге бүгүнкү күндө 96 мугалим жетишпейт

2012-жылы Кара-Буура районундагы Сулуу-Маймак айылына 1 мектеп, Талас районунун Ак-Жар айылына 1 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Султанбеков жана Эсенаманов атындагы бул мектептер 192 окуучуга ылайыкталган. Бул маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ал эми 2013-жылы Кара-Буура районунун Арчагул айылында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай, Миң-Булак айылдарында, Манас районунун Май айылында жаңы мектептердин курулушу башталып, 2014-жылы ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле өткөн жылы облус боюнча 15 мектепте 3,7 миллион сомдук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө Талас облусундагы мектептерге 96 мугалим жетишпей турганын билдирет өкүлчүлүк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан