Жалал-Абад. Быйыл "Тамашоунун" кышкы фестивалына катышууга "Жалал-Абад" курама командасы кызуу даярдык көрүүдө

9-февралда Бишкекте өтүүчү "Тамашоунун" кышкы фестивалына катышууга "Жалал-Абад" курама командасы кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу "Тамашоунун" Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдыманап Дыйканов кабарлады. "Быйылкы кышкы сезонго чакыруу алып, аябай кубанып турган чагыбыз. Учурда оюнчуларыбыз кызуу даярданып жатышат. 2011-жылы облустун намысын коргоп "Жалал-Абад" курама командасы катары оюн көрсөтүп келген болчубуз. 2012-жылы 5-сезондун чейрек финалына каражаттын тартыштыгынан улам бара албай калганбыз. Бул жылы да каражат маселеси жаралып, оюнга катыша албай калуу көйгөйү чыкты. Азыр демөөрчү издеп тынбай чуркап жүргөн убагым. Буюрса, шаардык мэрия жана башка жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринен үмүтүм чоң. Учурда курама командада 6 оюнчу бар",- дейт Дыйканов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан