Бүгүн, 28-январь күнү Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп Кубаныч Эгембердиев шайланды. Бул тууралуу Ноокен районунун аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Кочкор-Ата шаардык кеңешинде азчылык коалициядан көрсөтүлгөн талапкер Кубаныч Эгембердиев 21 депутаттын 11 добушун алды. Ал эми көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн талапкер Данияр Назаровго 10 добуш берилди.