Президент Алмазбек Атамбаев Борбор Азиядагы БУУнун качкындардын иштери боюнча өкүлү Сабер Азамды кабыл алды

Бүгүн, 28-январда президент Алмазбек Атамбаев Борбордук Азиядагы БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын аймактар боюнча өкүлү Сабер Азамды кабыл алды. Жолугушууда КР менен БУУнун аталган башкармалыгынын мындан аркы кызматташуусу талкууланды. “2010-жылдагы кайгылуу окуялардын тушунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына ыраазычылык билдирем. Ушунун өзү БУУ качкындардын иштери боюнча жогорку комиссары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп турат. Биз мындан ары дагы сиздер менен кызматташууга даярбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев. Өз кезегинде Сабер Азам: “Биз үчүн Кыргызстан аймактагы качкындарды коргоонун флагманы болуп эсептелет. Биз Борбордук Азияда стабилдүүлүктү чыңдоодо жана өнүгүүдө Кыргызстан өзгөчө мааниге ээ деп эсептейбиз”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан