Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Бекболот Миңбаев шайланды. Бул тууралуу аталган шаардык кеңештен билдиришти. Айта кетсек, мэрлик кызматка 3 талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында "ата мекенчи" Б.Миңбаев 18 добушка ээ болсо, КСДПнын өкүлү Р.Изабеков 6 добуш, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Н.Долбеков 7 добуш алды.