Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев энергетика жана өнөр жай министрлигин жетектөөгө Кубанычбек Турдубаевдин сунушталышына каршы. Мындай позициясын депутат парламенттин 16-октябрдагы жыйынында билдирип, талапкердин негизги кемчилигин атады. "Бул киши "кышында светти өчүрүүдөн башка жол жок, тарифтер көтөрүлөт" деп айтууда. Мурунку министр Осмонбек Артыкбаевдин эле сөзүн кайталап жатат. Эмне үчүн энергетикадагы көйгөйдү чече албай турган адамды министр кылып шайлаганы жатабыз? Министрликке маселени чече ала турган башка адамды шайлашыбыз керек",- деди Тербишалиев.
Кубанычбек Турдубаев: "Эгер импорт маселеси чечилсе, өлкөдө электр энергиясындагы чектөөлөр жоюлат",- деп билдирди.