Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди чыгарган 6 заводдун иши токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү ассоциациясынын төрагасы Турсунбек Күрөңкеев билдирди. “Мурдагы мамлекеттик алкоголдук агенттик жоюлуп, ал салык кызматына өткөрүлүп берилген. Натыйжада ишканалар 2 ай спирт чыгара албай туруп калган. Аракка жана тамекиге акциздик маркаларды чыгаруу боюнча кайра-кайра тендер өткөрүлдү, бирок жыйынтыгы чыкпай, арак заводдор акциздик маркалар менен камсыздалбай калды. Мындан улам заводдор жылдык планды аткара албай, алардын лицензиясы алынып жатат. 2012-жылы алкоголь тармагынан бюджетке 525 миллион сомдун ордуна 372 миллион сом гана түшкөн”,- деди Күрөңкеев.