Ташиев: "Жаңы партиянын атында биринчи "Республиканын" жазылышы чүчү кулак аркылуу чечилди"

"Республика" жана "Ата Журт" партияларынын биргелешкен курултайы уланууда. Жыйында "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жаңы партиянын аталышы боюнча пикирин билдирди. "Азыркы учурда "Эмне үчүн жаңы партиянын атында "Республиканын" аты биринчи жазылды?" деген суроо айтылууда. Мунун эч кандай саясаты жок, чүчү кулак аркылуу ушундай чечилди. Мен макул болдум, мындан ары биз бирбиз. Биздин программабыз да, максатыбыз да бир болот",- деди Ташиев. 

Өмүрбек Бабанов: "Кеп партиянын атында эмес, затында",- деп билдирди.

Айта кетсек, Ташиев менен Бабановдун партиялары биригип, жаңы "Республика - Ата Журт" партиясы түзүлдү.  

Бабанов менен Ташиевдин партиялары бирикти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан