Бүгүн, 20-октябрда өкмөткө караштуу Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев “Министр байланышта” акциясына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Арбаев акциянын алкагында жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, бир жылдык аткарылган иштери тууралуу маалымат берүүдө.
Ошондой эле жолугушуулардын жүрүшүндө Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын имаратында төраганын катышуусунда тегерек стол өткөрүү пландалып жатат.