Өмүрбек Бабанов энергетикалык кризис үчүн Жогорку Кеңешти күнөөлөдү

Кыргызстанда азыр кабыл алынган чечимдердин кесепетине эч ким жооп бербей, башкарууда баш аламандык болууда. Муну 20-октябрда журналисттерге "Республика Ата Журт" партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов билдирди. "Ата Журт" менен "Республиканын" биригишинин башкы себеби да ушул экенин айтат. "Мына, энергетикалык кризис түзүлдү. Бир депутат чыгып кечирим сурап койдубу? Же бир министр кечирим сурадыбы? Жок. Кабыл алынган чечим үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек да",- деген Бабанов өлкөдө реформа жасаш үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл экенин президент Алмазбек Атамбаев да белгилегенин айтат: "Жакында соттук реформа боюнча кеңештин жыйынын президент Башмыйзамды өзгөртүү керектигин белгиледи. Конституция кайсы бир органдын бийлигин көбөйтүү үчүн жасалбашы керек",- деди ал. 
 
Бабанов менен Ташиевдин партиялары бирикти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан