Бишкекте 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып, көздөгөнү оӊунан чыкпаган соӊ тоногон төрт адам тузакка илинди
Милицияга арыз
жазып, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун тургуну кайрылган. Арыз ээсинин
айтымында, 4-ноябрь күнү түнкү саат 10 жарымдарда азиат улутундагы 4 жигит күч
колдонуп коркутуп, 20 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылышкан. Көздөгөнү оңунан
чыкпаган соң кыздын жанындагы 1000 сом акчасын алып кетишкен. Бишкек шаарынын Октябрь
райондук №-6-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринен кийин
1986-жылы туулган К.У., 1985-жылы туулган Т.Ш., 1995-жылы туулган Ы.Ш. жана
1995-жылы туулган А.М. аттуу жаш жигиттер колго түштү. Кылмышка шектелген
аталып өткөн 4 жаран Ош облусунун жашоочулары экени белгилүү болду. Булардын үстүнөн иликтөө иштери башталды.