Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталган Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин артка чакыртып алууну өкмөт башчыга сунуштайт. Муну фракция лидери 21-октябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында айтты. "Бул адам Жети-Өгүз РЭСинин башчысы болуп турганда жок эле бир компанияга 30 миллион сомдук электр энергиясын сатып, акчасын сол чөнтөккө салган. Турдубаев өзүнүн күнөөсүн моюнга алууда. Мындай адамдардын кызматка келишине тыюу салышыбыз керек. Оор кылмыш кылса да, айып пул төлөө менен кутулуп кеткен. Мындай адамды министр кылуу эмес, жоопкерчиликке тартуу зарыл",- деди Текебаев.
Айта кетсек, парламенттин өткөн аптадагы жыйынында К.Турдубаев министрликке талапкерлиги сунушталар алдында өзүнүн мурда соттолгонун президентке айтканын, өлкө башчыдан эч кандай каршылык болбогонун билдирген эле.