Салык кызматы: Сентябрда салык топтоо планы 103 пайызга аткарылды

Кыргызстанда быйыл сентябрь айында салык чогултуу планы 103 пайызга аткарылды. Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, сентябрда 3 миллиард 835 миллион 300 миң сом салык төлөмдөрү жыйналды (план боюнча 3,7 миллиард сом топтоо белгиленген). Бул сумма бир жыл мурунку көрсөткүчкө салыштырмалуу 510 миллион сомго же 15 пайызга көп экенин билдирет мекеме. 
Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 29,9 миллиард сом салык төлөмү жыйналган, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 10,4 пайызга көп экени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан