Нормадан ашыкча көмүр жүктөлгөн унааларды Кеминден Бишкекке өткөрбөй коюу туура болгонун айтты министр Султанов

"Нормадан ашыкча көмүр жүктөлгөн унааларды Кеминден Бишкекке өткөрбөй коюу - туура чечим". Муну парламенттин 22-октябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов билдирип, бул пикирине депутаттарды ынандырды. “Биринчиден, алар мыйзамды, экинчиден, өкмөттүн токтомун бузуп жатышат. Миң-Куштан Балыкчыга чейин уруксат алып, ашыкча көмүр жүктөп Кеминге чейин келип калышкан. Азыркы учурда ал жердеги айдоочулардын баары кетишти, эч ким калган жок”,- деп билдирди министр. 

Султанов Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан түндүк-түштүк унаа жолу гана 11 тонна жүк менен жүрүүгө ылайыкталып жатканын айтат. “Башка аймактарда талаптар мурункудай бойдон. Трассада 12-13 тонна жүк менен жүрүүгө уруксат берген айрым гана өлкөлөр бар. Европанын баарында 10 тоннага чейин эле уруксат берилет”,- деп кошумчалады өкмөт мүчөсү.

Жыйында депутаттар көмүр ташыган унаалардын Кеминден бери өтө албай турушу Бишкекте көмүр тартыштыгын жаратканын айтышкан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан