Бүгүн, 22-октябрда парламентте мыйзам даярдоо процессинде депутаттардын стенограммада жазылып калган оозеки сунуштарын да эске алуу демилгеси каралды. Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, мыйзам долбоорлору боюнча депутаттардын жазуу жүзүндө берген сунуштары гана эске алынып, ал эми талкуу учурунда айтылган пикирлердин эске алынбай калышы туура эмес. “Эгер мыйзам долбоорунда биздин пикир эске алынбай турган болсо, анда талкуунун эмне кереги бар? Депутаттардын оозеки сунуштары да эске алынууга тийиш. Мындай талап кыргыз парламентинин тажрыйбасында болгон, кийин алынып салыныптыр”,- дейт депутат.
Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.