Депутаттар тийиштүү министрликтердин экологияга кайдыгерлигине нааразы

Бүгүн, 22-октябрда парламентте депутат Бөдөш Мамырова: “Депутаттар "Кумтөр" маселесин көтөргөнгө чейин министрликтер "Кумтөрдөгү" экологиянын бузулушун жашырып, баарын “апапакай” деп келгенсиңер”,- деди өкмөт өкүлүнө. Жыйында жаратылышты пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Мамырова аталган мыйзам долбоорун артка кайтарууну талап кылды. “Бул маселе боюнча тариф саясатын өкмөт аныктап бериш керек дегенге каршымын. Жогорку Кеңеш аныкташы керек”,- деди ал. Мындай пикирди башка депутаттар да колдоого алышты. Спикер Асылбек ЖээнбековМонголияда бир даракты кыйсаң, ордуна 100 дарак отургузуп бересиң деген норма бар" деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан