Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары алмашты. Бул тууралуу 22-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Абдибек Сатымбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жыпаркул уулу Мырзабек дайындалды.