Кыргызстан-Кытай темир жолун куруунун 2 варианты бар экени айтылды

Кыргызстан-Кытай темир жолун куруунун 2 варианты бар, бирок толук тактала элек. Муну депутат Жусупали Исаев 22-октябрда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. "Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач кошумча түндүк-түштүк унаа жолун куруу зарыл. Ансыз болбойт. Бул маселе келечекте карала турган нерсе, азырынча мунун каржылоо булактары тактала элек",- деди депутат. 
Айта кетсек, Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу 2018-жылы бүтөт. Учурда жолдун биринчи фазасын куруу иштери жүрүп жатат. Аталган жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан