Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-октябрда “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Мыйзам долбоорунун максаты - коруктардын ядролук зонасынын аянтын кыскаруу жана буфердик зонасын кеңейтүү. Демилгечи депутат
Мирлан Бакиров буларды айтты:
"Коруктар аянты жагынан үчкө бөлүнөт: ядролук, буфердик жана корголуучу. Коруктун эң маанилүү, корголуучу аймагы - ядролук зона. Ал эми буфердик зонасынан жергиликтүү эл пайдаланууга укуктуу. Мөмөсүн терет, малын жаят жана башка. Биз ядролук зонаны кичирейтип, буфердик зонаны кеңейтели. Эл ошол буфердик зонадан пайдаланып, турмуш-тиричилигин кылсын деп жатабыз".
Депутат Аксы районундагы Сары-Челек коругун мисал келтирип, коруктун 75 пайызы ядролук деп эсептеле турганын билдирди.
Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажанов мыйзам долбоорун киргизүүгө Жалал-Абад облусундагы коруктардын абалы себеп болуп жатканын билдирди. "Коруктун ядролук аймагын өзүнчө бөлүп, буфердик аймагынан пайдаланууга уруксат беришибиз керек болууда. Болбосо бул жаатта түшүнбөстүктөр чыгып жатат. Коруктун аймагына кирген жергиликтүү тургундарды анда укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө туура келүүдө",- дейт Атажанов.
Айта кетсек, Сары-Челек коругунун аймагында дары чөптөрдүн көптөгөн түрлөрү, Кызыл китепке кирген жан-жаныбарлар жана кенен масштабдагы жаңгак токою жайгашкан. Күз айларында жергиликтүү тургундар коруктун айланасынан жаңгактын бышкан мөмөсүн терип, үй-бүлөлүк бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк алышат. Коруктун ичинен жаңгак терүүгө тыюу салынганы менен, тургундар уурданып кирип, жаңгак теришет.