Бүгүн, 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында шайлоо күнүн белгилөө боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайты маалымдады.
2014-жылдын 10-ноябрында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүндө, Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүндө, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүндө шайлоо болот. Тийиштүү жарлыкка ылайык, Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Максүт уулу Асанбек жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы М.Молдокасымов кызматтарынан бошотулушту.