"2013-жылы Кыргызстанда иммиграциялык квотанын саны 625 болот". Бул маалыматты КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 29-январда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр бул көрсөткүч 1337 болгон. 2013-жылга КРнын Бишкек жана Ош шаарлары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндөгү маселе ЖКнын кийинки жыйындарында каралмай болду.