Бишкекте баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы кеңсеси ачылды

Бүгүн Бишкекте КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы кеңсеси ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул административдик кеңсе жана андагы спорт залынын курулуш иштерине 80 миллион 376 миң сом сарпталган. Кеңсенин ачылыш аземине аталган кызматтын жетекчиси Алымбай Султанов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, башкы прокурор Аида Салянова жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан