27-январда Талас районундагы А.Огонбаев айылында бир короо кой уурдалды. Аталган айылдын Кырман көчөсүндө жашаган Ахметтин Адигинеевдин мал короосунан уурулар саат 21:00 чамасында 98 баш коюн уурдап кетишкен. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.