Кыргызстанда Салык кызматына 2012-жылы дары-дармектен 63 миллион сом түшкөн. Бул маалыматты бүгүн, 29-январда ЖКнын Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 10 миллиард сомдук дары-дармек алынып келинген. “Мурда кошумча нарк салыгынан бошоткондо дарылар арзандайт деген божомол болгон, бирок бул тескерисинче болду, ошол убактан бери дарылар кымбаттап кетти” деди Масалиев.