Нарын облусундагы Соң-Көлдө рейд жүргүзүлүп, көлгө мыйзамсыз жайылган 62 тор табылды

Нарын облусундагы Соң-Көлдө 23-январдан 27-январга чейин мыйзамсыз балык уулоо иштерин азайтуу максатында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги менен Нарын облустук ИИБи биргеликте рейд жүргүздү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Рейддин жыйынтыгында 3 протокол түзүлүп, мыйзамсыз жайылган, узундугу 100 метрге жеткен 62 даана тор, 12 күрөк, 6 лом, 4 кайык алынды. Соң-Көл жээгинде жашап жаткан тургундарга тезирээк чатыр, боз үйлөрдү алып, көчүп кетүү тууралуу эскертүү берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан