“Кавказ туткуну” тасмасында Нинанын ролун жараткан актриса Наталья Варлей Бишкекте чыгармачылыгын тартуулайт

1-ноябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Орусиянын Эл артисти Аристарх Ливанов жана Эмгек сиңирген артисти Наталья Варлей “Души прекрасные порывы” аталышындагы адабий-музыкалык спектаклин коюшат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 
Маалым болгондой, Наталья Варлей менен Аристарх Ливановдун чыгармачыл дуэти Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн сахналарын кыдырып, өнөрлөрүн ийгиликтүү көрсөтүп келет. Наталья Варлей 1967-жылы “Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары” тасмасында Нинанын ролун жаратып популярдуу болгон. Ал эми Аристарх Ливанов белгилүү театр жана кино актёру. “Бул чыгармачыл жолугушуу Бишкек шаарынын тургундарына чоң белек болот. Артисттер белгилүү акындардын ырларын окушуп, спектакль коюшат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadin1
2014-10-28 14:00:45
Нинаны олло суйот элемда,кичинемде )))
+1
semakg
2014-10-28 15:00:50
Бул актриса дагы деле суулу бойдон турбайбы? Мен ото каарып кеткен болуш керек деп ойлогом.
+1
Kamolovna
2014-10-28 15:32:59
semakg, ошо мен да тан калып атам, жапжаш бойдон экен
0
Arti
2014-10-28 15:50:28
Ох, менин суйуктуу актрисам Нина. Озунун ролун жогорку денгээлде аткарган. Картайбаныз. Муну менен суротко тушкондун озу тарых болуп сакталып калат го.
0
wizard
2014-10-28 21:46:18
Чота кайра- кайра каттап калды артист,саясатчысы да. Максаты эптеп алдап ТСга тыг ыш!Ой жузужоктор,билем силердин кара ойунарды!!!
-2
bayana1987
2014-10-29 14:19:28
Кудай сактаааа.ааа эми артисттердин келгенин да саясатка аралаштырбагылачы... илгертен эле келип жургон, мындан кийин да келе берет...арам ойлонбосонор боло...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан