Кыйноолор боюнча былтыр 265 жаран укук коргоо органдарына кайрылып, 10 факт боюнча гана иш козголгон

Бишкекте 27-октябрда Кыйноолордун алдын алуу жана башка адамгерчиликке жатпаган же адамдын аброюн басмырлаган мамилелер менен жазалоо боюнча улуттук борбордун сунуштары боюнча тегерек стол өттү. 

Иш-чарада депутат Наталья Никитенко, аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү баяндама жасашты.

Никитенко Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматына таянуу менен, жарандар адамгерчиликке жатпаган же адамдын аброюн басмырлаган мамилелер менен жазалоолор жаатында укук коргоо органдарына көбүрөөк кайрыла турганын белгиледи. "2013-жылы жарандардан 265 кайрылуу түшсө, анын ичинен 10 иш гана сотко өткөрүлгөн. Ал эми 245 кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган",- дейт депутат.

Бакыт Рысбеков Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы жөнүндө отчёт берилип, анын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдар мекемелерге кыйноолордун алдын алуу жаатындагы сунуштамалар берилерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан