Кыргызстандын Каржы министрлиги бош кызмат орундары үчүн сынак жарыялаганын бүгүн, 28-октябрда мекемеден билдиришти. Төмөндөгү аймактык органдар боюнча кадрлар талап кылынууда:
1. Москва райондук каржы бөлүмүнүн башчысы;
2. Түп райондук каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
3. Кара-Буура райондук каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
4. Биринчи Май аймактык казына бөлүмүнүн башчысы;
5. Ысык-Ата аймактык казына бөлүмүнүн башчысы;
6. Ала-Бука аймактык казына бөлүмүнүн башчысы.
Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине коюлуучу талаптар:
- экономика жана каржы жаатындагы жогорку кесиптик билими;
- улук кызмат орундарындагы 3 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат тажрыйбасы же адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- 3 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы;
- мамлекеттик жана расмий тилдерди эркин билүүсү;
- экономика жана каржы боюнча колдонуудагы мыйзамдарды мыкты билүүсү;
- компьютерди жана офистик программаларды мыкты билүүсү.
Бардык бош кызмат орундары үчүн кошумча талаптар:
- ченемдик-укуктук актылардын электрондук базалары менен иштөө тажрыйбасы;
- демилгелүүлүк, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү жана башкалар.
Сынакка катышуу үчүн милдеттүү тартипте төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
- бош орун көрсөтүлгөн жеке арыз;
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөт, байланыш телефондору ж.б.);
- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
- сүрөт чапталган резюме (кошумча маалыматтар);
- зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, окумуштуулук даража ыйгарылгандыгы жөнүндөгү дипломдун көчүрмөсү, нотариус же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү);
- ИИМдин Маалымат борборунан соттуулугунун жоктугу тууралуу маалым кат.
Бардык документтер делого тиркелүүгө тийиш.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар сынакка катыштырылбайт.
Сынакка катышуу үчүн документтерди бул дарекке 2014-жылдын 10-ноябры, саат 17.00гө чейин берүү зарыл: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-58, 105-кабинет (персонал менен иштөө боюнча бөлүмү). Байланыш телефону: 62-53-13.