Япониянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 2013-2014-окуу жылына кыргызстандык жарандарга 15 орун бөлүнгөн

28-январда КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Аалы Карашев 2013-2014-окуу жылында Япониянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн тандалган кыргызстандык талапкерлер жолугушууга келген япониялык профессорлор менен жолугушту. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарланды. Жолугушууда белгилүү болгондой, 2013-2014-окуу жылында Япониянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргызстанга 15 орун бөлүнгөн. Ал эми 2007-жылдан бери Японияга 6 топтон турган 101 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окууга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 67 кызматкер илимий диссертацияларын ийгиликтүү жакташып, магистр даражасын алышкан. Учурда аталган өлкөдө 29 стипендиант билим алып жатканы белгилүү болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан