Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Ооганстандын кичи жана улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга өкмөт гуманитардык жардам берүүгө аракет көрүүдө. Бул маселе 29-январда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, учурда аталган аймакка өтүүгө коридор ачып берүү боюнча Тажикстан жана Ооганстан бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Ооганстандын кичи жана улуу Памир аймагында 2 миңдей кыргыз жашайт. Алар деңиз деңгээлинен 3,5-5 миң метр бийиктикте көчмөн турмушта күн кечиришет. Аталган аймакта кышкысын сууктун күчү 60 градуска чейин жетет. Эч кандай медициналык тейлөө жок болгондуктан, энелер менен жаш балдардын өлүмү көп катталат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан