"Бир бол": "1924-жылы автономдуу облустун түзүлүшү – кыргыз улутунун тагдырын аныктаган улуу бурулуш"

«Бир бол» партиясы 29-октябрда Ош шаарында “Кыргыз Республикасы: автономдуу облустан эгемендикке жана көз карандысыздыкка чейин” аттуу илимий конференция өткөрдү. Иш-чара Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 90 жылдыгына арналган. Ага ОшМУ, ОшТУдан окутуучулар, студенттер жана окумуштуулар катышты. Анда Медеткан Шеримкулов, Кыяс Молдокасымов, Сыдык Смадияров, Улугбек Мамытов, Сатимбай Осмонов, Жолдошбек Ботоноевдер баяндама жасашты. Алар Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түптөлгөнү мамлекеттүүлүктүн кайра жаралуусуна негиз болгондугун баса белгилешти.

“Бир бол” партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев жыйындын ачылышында: “Бул тарыхый окуянын мааниси баа жеткис, зор экенин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусундагы улуу бурулуш катары да карасак болот. Эгемендүү өлкөбүздүн башатын түзүп берген тарыхый окуялардын маңызын жаштарга түшүндүрүү максатында ушундай иш-чараларды көп өткөрүп туруш керек”,- деди.

Ал эми саясий илимдердин доктору Медеткан Шеримкулов буларга токтолду: "Жүздөгөн жылдарда бир келе турган тагдырга кыргыз улуту 1991-жылы туш болуп, ал тарыхый учурду туура түшүнүп, ошол кездеги легендарлуу парламент жаңы мамлекетти, жаңы системди түзүү чечимин кабыл алган".

Окумуштуу-тарыхчы Кыяс Молдокасымов Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 90 жылдыгын көпчүлүк катардагы тарыхый окуя катары карап, маани бербей келерин айтып: “Дүйнөдө саны көп бир нече улуттун бүгүнкү күнгө чейин өз мамлекети жок, ал эми 5 миллион эли менен кыргыз мамлекети бар. Ушуну элибиз түшүнүп, барктай билиши зарыл. Азыркы саясий элита ошол кездеги саясий элитадан үлгү алышы керек”,- деди. Тарых илимдеринин кандидаты Сыдык Смадияров мындай дейт: “Совет бийлигинин тушунда жүргүзүлгөн саясатта мүчүлүштүктөр болгон, бирок биз Кыргызстандын өнүгүүсүндө Совет бийлигинин, чоң державада элдердин ынтымагын кармаган орус элинин салымына да өзгөчө баа берип жүрүшүбүз керек”.

Конференциянын соңунда катышуучулар резолюция кабыл алышты. Анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маанисин ачыктаган, мамлекеттин бүтүндүгүнө жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө арналган илимий жана аналитикалык иштерди күчөтүү керектиги белгиленген.

Конференциянын аягында “Бир бол” партиясы 20-30-жылдарга таандык архивдик фото-видеодокументтерди Ош универститетинин тарых факультетине тартуулады. «Бир бол» уюштурган бул конференция жыйынтыктоочу конференция болду.

Буга чейин ушул темада бир канча конференциялар өткөн эле. Алар жөнүндө толук маалымат бул жерде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан