КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өлкөнүн 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамасында дээрлик бардык облуста өндүрүштүн көлөмү төмөндөп кеткенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Анын айтымында, Баткен облусунда өндүрүштүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16,3 пайызга, Жалал-Абад облусунда 2,6 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр мындай мисалдардын катарына Бакай-Ата, Талас (Талас облусу), Баткен, Лейлек, Кадамжай (Баткен облусу), Кемин, Панфилов (Чүй облусу), Ак-Суу (Ысык-Көл облусу), Чаткал (Жалал-Абад облусу) Өзгөн, Алай (Ош облусу), Ат-Башы, Ак-Талаа райондорун (Нарын облусу) жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Исфана, Жалал-Абад, Кадамжай, Ош жана Майлуу-Суу шаарларын кошту.