2014-жылдын 9 айында Таласта жыйналган салык 10 миллион 600 миң сомго кем чогултулду

2014-жылдын 9 айында Таласта жыйналган салыктын суммасы жалпы пландын 81 пайызын гана түзүп, 10 миллион 600 миң сомго кем чогултулду. Бул тууралуу КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндамасында айтылат.

Т.Сарпашев дээрлик бардык облустарда инвестициянын азайганын, салык чогултуу ойдогудай жүрбөй жатканын белгилейт. Негизги капиталга тартылган инвестициянын көрсөткүчү өткөн жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу Таласта 31,3 пайызга, Баткенде 36,5 пайызга, Таш-Көмүр шаарында 36,7 пайызга, Кара-Балта шаарында 2,8 пайызга, Кант шаарында 8,2 пайызга, Сокулук районунда 4,7 пайызга, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунда 20 пайызга төмөндөгөн. Ал эми Ош облусунун Алай районунун көрсөткүчү 15,5 пайызга төмөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан