Роза Акназарова "Мамлекеттик архивдин курула баштаган имаратынын сатылып кетишин Башкы прокуратура иликтөөсү зарыл" дейт

"Борбордук мамлекеттик архивдин жаңы курула баштаган имаратынын мыйзамсыз түрдө сатылып кетишин Башкы прокуратура иликтөөсү зарыл". Мындай пикирди 29-январда ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында депутат Роза Акназарова билдирди. Анын айтымында, аталган имарат Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен 2003-жылы жеке компанияга сатылып кеткен. Жыйында Мамлекеттик фондусунун жетекчисинин орун басары Назира Усеналиева бул маселе боюнча 2005-жылы Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде бардык документтер прокуратурага берилип, азыр бул маселе каралып жаткандыгын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан